Embassy of the Kyrgyz Republic to Hungary

Embassy of the Kyrgyz Republic to Hungary Посольство Кыргызской Республики в Венгрии

Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана...
20/09/2026

Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту Кыргыз Республикасынын калкынын коррупцияга каршы маалыматтуулук деңгээлин изилдөө жүргүзүп жатканын маалымдайт.

Изилдөөнүн максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү чаралары, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүү жолдору жана мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик тууралуу маалымдуулук деңгээли боюнча объективдүү маалымат алуу, ошондой эле калктын коррупцияга болгон мамилесин жана жарандардын анын көрүнүштөрү жөнүндө билдирүүгө даярдыгын изилдөө.

Изилдөө ыктыярдуу жана анонимдүү онлайн-сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт. Алынган маалыматтар аналитикалык баяндама даярдоо жана мамлекеттик коррупцияга каршы маалыматтык саясатты мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жалпыланган түрдө гана колдонулат.

Катышуу үчүн сүрөттө көрсөтүлгөн QR-кодду сканерлөө зарыл.

Анкетаны толтуруу мөөнөтү — 2026-жылдын 30-сентябрына чейин.

Элчилик Мажарстанда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган сурамжылоого катышууга чакырат.

2026-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинин кеңешчиси Ч.Юнусов Полгарди шаарындагы оңдоо...
11/09/2026

2026-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинин кеңешчиси Ч.Юнусов Полгарди шаарындагы оңдоодон өткөн советтик жоокерлердин аскердик көрүстөнүн салтанаттуу ачуу аземине катышты. Жаңыртылган эстелик объект жалпы тарыхый эстүтүмдү сактоонун жана курман болгон баатырларга көрсөтүлгөн урматтын маанилүү белгиси болуп калды.
​Аземге ошондой эле Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана кызматкерлери, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мажар тараптан Полгарди шаарынын мэри Ласло Ньикош жана Мажарстандын Коргоо министрлигинин Аскердик тарых институтунун жана музейинин өкүлдөрү катышты.
​Иш-чаранын катышуучулары Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгон советтик жоокерлердин элесине таазим этип, мемориалга гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюшту. Бул эстеликтүү жерде Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон Кыргыз Республикасынын туумасы — гвардиянын катардагы жоокери Михаил Прокопьевич Трокаль түбөлүк тынчтык тапкан.

*********************************************************

11 сентября 2026 года Советник посольства Кыргызской Республики в Венгрии Ч.Юнусов принял участие в торжественной церемонии открытия после ремонта советского воинского захоронения в городе Полгарди. Обновленный мемориальный объект стал важным знаком сохранения общей исторической памяти и уважения к павшим героям.
В церемонии также приняли участие главы и сотрудники дипломатических представительств Российской Федерации, Республики Беларусь, Азербайджанской Республики, Республики Казахстан и представители общественных организаций. Венгерскую сторону представляли мэр города Полгарди Ласло Ньикош и представители Института и музея военной истории Министерства обороны Венгрии.
​Участники мероприятия возложили венки и цветы к мемориалу, почтив память советских воинов, погибших в годы Второй мировой войны. На этой памятной земле покоится уроженец Кыргызской Республики — гвардии рядовой Михаил Прокопьевич Трокаль, отдавшего свою жизнь в годы Великой Отечественной войны.

2026-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан...
09/09/2026

2026-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Мажарстандын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин жетекчиси Марианн Сюч айымга Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө М.Сюч Элчи Э.Абдылдаевди жылуу кабыл алып, кызматка расмий киришүүсү менен куттуктады.

Өз кезегинде Элчи Э.Абдылдаев эки мамлекеттин кызыкчылыгында өз ара пайдалуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

*********************************************************

9 сентября 2026 года вновь назначенный Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Венгрии Эрлан Абдылдаев вручил копии Верительных грамот Руководителю Департамента протокола Министерства иностранных дел Венгрии г-же Марианн Сюч.

В ходе встречи госпожа М.Сюч поприветствовала Посла Э.Абдылдаева и поздравила с официальным вступлением в должность.

В свою очередь, Посол Э.Абдылдаев отметил, что намерен приложить все усилия для активного развития взаимовыгодного политического, торгово-экономического и культурно-гуманитарного сотрудничества в интересах двух государств.

*********************************************************

On September 9, 2026, the newly appointed Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Kyrgyz Republic to Hungary, Erlan Abdyldaev, presented copies of his Credentials to Ms. Mariann Szűcs, Head of the Protocol Department of the Ministry of Foreign Affairs of Hungary.

During the meeting, Ms. Mariann Szűcs welcomed Ambassador E. Abdyldaev and congratulated him on the commencement of his diplomatic mission.

In turn, Ambassador E. Abdyldaev noted that he would make every effort to further develop mutually beneficial political, trade, economic, and cultural-humanitarian cooperation between the two countries in the interests of both states.

Урматтуу мекендештер!Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!31-август...
31/08/2026

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

31-август — элибиздин тарыхындагы өзгөчө күн. 35 жыл мурда Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн жарыялап, өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн.

Эгемендүүлүк — элибиздин сыймыгы, мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы. Аны бекемдөө, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу жана улуттук баалуулуктарыбызды келечек муундарга жеткирүү — баарыбыздын жалпы жоопкерчилигибиз.

Мекенден алыста жүргөн мекендештерибиз да өз эмгеги, билими жана жетишкендиктери менен Кыргызстандын кадыр-баркын арттырууга татыктуу салым кошуп келишет.

Ушул майрамдык күнү сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана береке каалайм. Кыргызстаныбызда тынчтык жана ынтымак болуп, элибиздин биримдиги бекем болсун!

Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!
Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Эрлан Абдылдаев
Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги 2026-жылдын 31-авг...
28/08/2026

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги 2026-жылдын 31-августунда жабык болот жана консулдук кызмат көрсөтүлбөйт.

Элчилик 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып кадимки иш тартибинде ишин улантат.

Майрам күндөрү шашылыш консулдук жардамга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү номер боюнча кайрыла алышат:

+36 30 384 7462 (WhatsApp)

*********************************************************

В связи с Днем Независимости Кыргызской Республики 31 августа 2026 года Посольство Кыргызской Республики в Венгрии будет закрыто, прием граждан осуществляться не будет.

Посольство возобновит работу в штатном режиме с 1 сентября 2026 года.

В праздничные дни граждане Кыргызской Республики, нуждающиеся в срочной консульской помощи, могут обращаться по телефону горячей линии:

+36 30 384 7462 (WhatsApp)

*********************************************************

On the occasion of the Independence Day of the Kyrgyz Republic, the Embassy of the Kyrgyz Republic to Hungary will be closed on 31 August 2026, and no consular services will be provided.

The Embassy will resume its regular operations on 1 September 2026.

During the holiday, citizens of the Kyrgyz Republic in need of urgent consular assistance may contact the Embassy hotline:

+36 30 384 7462 (WhatsApp)

Путь кыргызской государственности в XX веке прошёл несколько важнейших исторических этапов — от образования Кара-Киргизс...
25/08/2026

Путь кыргызской государственности в XX веке прошёл несколько важнейших исторических этапов — от образования Кара-Киргизской автономной области в 1924 году до обретения государственной независимости 31 августа 1991 года.

Каждый из этих этапов стал частью исторического пути кыргызского народа к собственному суверенному государству.

Сегодня Кыргызская Республика продолжает этот путь, сохраняя историческую память, национальную идентичность и ответственность перед будущими поколениями.

*********************************************************

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн XX кылымдагы өнүгүү жолу бир катар маанилүү тарыхый этаптарды басып өттү — 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнөн тартып, 1991-жылдын 31-августунда мамлекеттик эгемендүүлүккө ээ болгонго чейин.

Бул этаптардын ар бири кыргыз элинин өз алдынча эгемендүү мамлекетин түптөө жолундагы тарыхый өнүгүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы тарыхый эс-тутумду жана улуттук өзгөчөлүктү сактоо менен, келечек муундар алдындагы жоопкерчиликти терең сезип, өзүнүн өнүгүү жолун ишенимдүү улантууда.

Эгемдүүлүк — элдин сыймыгы, элдин байлыгы! 🇰🇬

#Кыргызстан #КыргызРеспубликасы #Эгемендүүлүк35 #КыргызМамлекеттүүлүгү

Augusztus 20-a, az államalapítás ünnepe alkalmából a Kirgiz Köztársaság Magyarországi Nagykövetsége szívből gratulál Mag...
20/08/2026

Augusztus 20-a, az államalapítás ünnepe alkalmából a Kirgiz Köztársaság Magyarországi Nagykövetsége szívből gratulál Magyarország népének nemzeti ünnepe alkalmából.

Békét, jólétet és további gyarapodást kívánunk Magyarországnak és népének!

*********************************************************

On the occasion of Hungary’s State Foundation Day, the Embassy of the Kyrgyz Republic to Hungary extends its warmest congratulations to the people of Hungary on their national holiday.

We wish Hungary and its people peace, well-being and continued prosperity.

HungaryKyrgyzstan

📢 Attention Applicants!Please review the main categories and types of visas of the Kyrgyz Republic to select the visa th...
23/07/2026

📢 Attention Applicants!

Please review the main categories and types of visas of the Kyrgyz Republic to select the visa that corresponds to the purpose of your trip.

Detailed information on the application procedure, required documents, processing times, consular fees, and other relevant matters is available on the E-Consul Portal: www.e-consul.gov.kg

For additional information, please contact the Visa Center of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic:
📞 +996 703 42 88 65

*********************************************************

📢 Вниманию заявителей!
Ознакомьтесь с основными категориями и типами виз Кыргызской Республики, чтобы выбрать визу, соответствующую цели вашей поездки.

Подробная информация о порядке подачи документов, перечне необходимых документов, сроках рассмотрения заявлений, консульских сборах и других вопросах доступна на портале «Электронный консул»: www.e-consul.gov.kg⁠

При возникновении дополнительных вопросов вы можете обратиться в Визовый центр Министерства иностранных дел Кыргызской Республики по телефону:
📞 +996 703 42 88 65.

2026-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Чоюбекович Кушчу...
09/07/2026

2026-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Чоюбекович Кушчубеков Мажарстандын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Клара Брейер менен дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

​​Жолугушуунун жүрүшүндө Мажарстандын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы кыргыз-мажар эки тараптуу мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымы үчүн Кыргызстандын Элчисине ыраазычылык билдирди. К.Брейер дипломаттын эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча аракеттерин жогору баалап, ага кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

​​Жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарышты, ошондой эле Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечектүү пландары боюнча пикир алмашышты.

*************************************************

On July 9, 2026, the Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Kyrgyz Republic to Hungary, Talantbek Choyubekovich Kushchubekov, held a meeting with the State Secretary of the Ministry of Foreign Affairs of Hungary, Klara Breuer, on the occasion of the completion of his diplomatic mission.

​​During the meeting, the State Secretary of the Hungarian Ministry of Foreign Affairs expressed her gratitude to the Ambassador of Kyrgyzstan for his significant personal contribution to the strengthening and development of bilateral Kyrgyz-Hungarian relations. K.Breuer highly praised the diplomat’s efforts in expanding cooperation between the two countries and wished him further success in his professional endeavors.

​​In the course of the meeting, the parties also discussed current issues on the bilateral agenda, summarized the work accomplished, and exchanged views on prospective plans for developing cooperation between Kyrgyzstan and Hungary.

*************************************************

9 июля 2026 года в Будапеште состоялась встреча Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Венгрии Кушчубекова Талантбека Чоюбековича с Государственным секретарем Министерства иностранных дел Венгрии Кларой Брейер по случаю завершения его дипломатической миссии.
​​В ходе встречи Государственный секретарь Министерства иностранных дел Венгрии выразила признательность Послу Кыргызстана за его значительный личный вклад в укрепление и развитие двусторонних кыргызско-венгерских отношений. К.Брейер высоко оценила усилия дипломата по расширению сотрудничества между двумя странами и пожелала ему дальнейших успехов в профессиональной деятельности.
​​В рамках встречи, стороны также обсудили актуальные вопросы двусторонней повестки дня, подвели итоги работы, а также обменялись мнениями о перспективных планах развития взаимодействия между Кыргызстаном и Венгрией.

Cím

Endrődi Sándor Utca 49/a
Budapest
1026

Nyitvatartási idő

Hétfő 08:00 - 11:30
12:30 - 17:00
Kedd 08:00 - 11:30
12:30 - 17:00
Szerda 08:00 - 11:30
12:30 - 17:00
Csütörtök 08:00 - 11:30
12:30 - 17:00
Péntek 08:00 - 11:30
12:30 - 17:00

Telefonszám

+3612538969

Értesítések

Ha szeretnél elsőként tudomást szerezni Embassy of the Kyrgyz Republic to Hungary új bejegyzéseiről és akcióiról, kérjük, engedélyezd, hogy e-mailen keresztül értesítsünk. E-mail címed máshol nem kerül felhasználásra, valamint bármikor leiratkozhatsz levelezési listánkról.

A Szervezet Elérése

Üzenet küldése Embassy of the Kyrgyz Republic to Hungary számára:

Parancsikonok

Megosztás