Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги

  • Home
  • Russia
  • Moscow
  • Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Посольство Кыргызской Республики в Российской Федерации

Посольство Кыргызской Республики в Российской Федерации, Москва
Работа общественной приемной:
- Понедельник с 10:00 до 12:00.
- Пятница с 14:00 до 16:00.

06/08/2026
06/08/2026
06/08/2026

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын катышуучуларына видеокайрылуусу (2026-жылдын 6-августу)

***

Видеообращение Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова к участникам VIII Кыргызско-Российского экономического форума и XII Кыргызско-Российской межрегиональной конференции (6 августа 2026 года)

03/08/2026

«Электрондук консул» маалыматтык системасы тууралуу

***

Об информационной системе «Электронный консул»

🇰🇬🇷🇺Элчи Кубанычбек Боконтаев Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин менен жолугушту20...
31/07/2026

🇰🇬🇷🇺Элчи Кубанычбек Боконтаев Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин менен жолугушту

2026-жылдын 30-июлунда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-россия өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, алдыда боло турган эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Маданий-гуманитардык жаатында кыргыз-россия кызматташтыгын чыңдоо жана 2028-жылы боло турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына басым жасоо менен бирге мааракелүү даталарды биргеликте белгилөө боюнча пикир алмашуу болду.

***

🇰🇬🇷🇺Посол Кубанычбек Боконтаев встретился с Заместителем министра иностранных дел Российской Федерации Михаилом Галузиным

30 июля 2026 года в г. Москве состоялась встреча Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Российской Федерации Кубанычбека Боконтаева с Заместителем министра иностраных дел Российской Федерации Михаилом Галузиным.

В ходе встречи стороны обсудили актуальные аспекты кыргызско-российского взаимодействия и «сверили часы» по графику предстоящих на высшем и высоком уровнях мероприятий.

Состоялся обмен мнениями по вопросам укрепления сотрудничества в культурно-гуманитарной сфере, совместного празднования юбилейных дат с акцентом на предстоящее в 2028 году 100-летие Чынгыза Айтматова.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев Нигерия Федератив...
31/07/2026

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев Нигерия Федеративдик Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джозеф Олусола Иджи менен жолукту

2026-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаевдин Нигерия Федеративдүү Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джозеф Олусола Иджи менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Нигерия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңири багыттар боюнча өнүктүрүү, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды мындан ары чыңдоо перспективалары талкууланды.

Өзгөчө көңүл көп тараптуу аянтчалардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышынын алкагындагы кызматташтыкка бурулду. Мындан тышкары, нигериялык тарап БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан илгерилетилип жаткан Тоолуу демилгелерди колдоо маселесин карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Нигерия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

***

Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Российской Федерации Кубанычбек Боконтаев встретился с Чрезвычайным и Полномочным Послом Федеративной Республики Нигерия в Российской Федерации Джозефом Олусола Иджи

30 июля 2026 года состоялась встреча Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Российской Федерации Кубанычбека Боконтаева с Чрезвычайным и Полномочным Послом Федеративной Республики Нигерия в Российской Федерации Джозефом Олусола Иджи.

В ходе встречи были обсуждены вопросы развития взаимодействия между Кыргызской Республикой и Федеративной Республикой Нигерия по широкому спектру направлений, включая перспективы дальнейшего укрепления контактов между двумя странами.

Особое внимание было уделено вопросам взаимодействия в рамках многосторонних площадок, в том числе в контексте избрания Кыргызской Республики непостоянным членом Совета Безопасности ООН на 2027–2028 годы. Кроме того, нигерийская сторона выразила готовность рассмотреть вопрос поддержки Горных инициатив Кыргызской Республики, продвигаемых в рамках Рамочной конвенции ООН об изменении климата.

В завершение встречи стороны выразили заинтересованность в дальнейшем развитии взаимодействия и расширении контактов между Кыргызской Республикой и Федеративной Республикой Нигерия.

31/07/2026

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары «Мурас — кыймылда» аттуу спорттук программага арналган роликтерди тартуулайт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына жана көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрүнө арналган «Мурас — кыймылда» аттуу роликтер сериясын тартуулайт.
Кылымдар бою мелдештер көчмөндөрдүн күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп келген. Алар аңчылыкта, алыскы көчүүлөрдө, үй-бүлөнү коргоодо жана катаал жаратылыш шарттарын жеңүүдө зарыл болгон тактык, ылдамдык, күч, чыдамкайлык, сабырдуулук жана биргелешип аракеттенүү жөндөмү сыяктуу сапаттарды өнүктүргөн.
Бул сапаттар үч роликтин негизин түздү:
«Тактык» — Ордо жана Салбуурун;
«Ылдамдык» — Тыйын эңмей, Көк бөрү, ат чабыш жана Эр эңиш;
«Күч» — улуттук күрөш түрлөрү, таяк тартыш, аркан тартыш жана балбандардын күч сынашуусу.
Ар бир ролик VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына кирген салттуу спорт түрлөрүнүн айрым элементтерин кыска визуалдык формада көрсөтөт. Мүнөздүү кыймылдар, ыкмалар жана образдар аркылуу роликтер көчмөндөрдүн жашоо образы калыптандырган тактыкты, ылдамдыкты, күчтү, чыдамкайлыкты жана чеберчиликти чагылдырат.
Биринчи болуп «Тактык» ролиги сунушталат. Анда Ордо жана Салбуурун спорт түрлөрүнүн айрым элементтери көрсөтүлөт. Ролик бул спорт түрлөрүнүн өзгөчө духун чагылдырып, алардын тактык, стратегиялык ой жүгүртүү жана көчмөн элдердин көп кылымдык салттары менен болгон байланышын баса белгилейт.

***

VI Всемирные игры кочевников представляют ролики «Наследие в движении», посвящённые спортивной программе Игр

Международный секретариат Всемирных игр кочевников представляет серию роликов «Наследие в движении», посвящённую спортивной программе Игр и традиционным видам спорта кочевых народов.
На протяжении веков состязания были частью повседневной жизни кочевников. Они развивали качества, необходимые для охоты, дальних переходов, защиты семьи и преодоления суровых природных условий: меткость, скорость, силу, выносливость, выдержку и умение действовать сообща.

Эти качества легли в основу трёх роликов:
«Точность» — Ордо и Салбуурун;
«Скорость» — Тыйын эңмей, Көк бөрү, скачки и Эр эңиш;
«Сила» — национальные виды борьбы, мас-рестлинг (таяк тартыш), перетягивание каната и состязание силачей.
Каждый ролик в краткой визуальной форме представляет отдельные элементы традиционных видов спорта, вошедших в программу VI Всемирных игр кочевников. Через характерные движения, приёмы и образы ролики передают качества, сформированные кочевым образом жизни: точность, скорость, силу, выдержку и мастерство.
Первым представлен ролик «Точность», в котором показаны элементы Ордо и Салбууруна. Ролик передаёт дух этих видов спорта и подчёркивает их связь с меткостью, стратегическим мышлением и многовековыми традициями кочевых народов.

Элчи Кубанычбек Боконтаев жана Россия Федерациясынын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Ми...
30/07/2026

Элчи Кубанычбек Боконтаев жана Россия Федерациясынын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Чынгыз Айтматовдун мааракесин белгилөө маселесин талкуулашты

2026-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Боконтаев Россия Федерациясынын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык маданий мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде адамзатка калтырган мурастары эки эл жана бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн түбөлүктүү мааниге ээ болгон улуу жазуучулардын 2028-жылы боло турган мааракелерин - Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын жана Лев Толстойдун 200 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен иш-чараларды талкуулады.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул эки көрүнүктүү ойчулдун маанилүү мааракелерин биргелешип өткөрүү салттуу адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого, маданиятты чыңдоого салым кошоорун жана достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташтыктын бекем көпүрөсү катары кызмат кылаарын баса белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү андан ары чыңдоо максатында маданий күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө күч-аракеттерди бириктирип иштөө брюнча макулдашты.

***

Посол Кубанычбек Боконтаев и Специальный представитель Президента Российской Федерации по международному культурному сотрудничеству Михаил Швыдкой обсудили проведение юбилея Чынгыза Айтматова

29 июля 2026 года состоялась встреча Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Российской Федерации Кубанычбека Боконтаева со Специальным представителем Президента Российской Федерации по международному культурному сотрудничеству Михаилом Швыдким.

В ходе встречи собеседники обсудили вопросы развития кыргызско-российских отношений в сфере культуры, в том числе проведение совместных мероприятий в рамках предстоящих в 2028 году юбилейных дат — 100-летия Чынгыза Айтматова и 200-летия Льва Толстого, наследие которых имеет непреходящее значение для двух народов и всего мирового сообщества.

Стороны, отмечая важность наращивания культурно-гуманитарного взаимодействия, подчеркнули, что совместное празднование знаменательных дат двух выдающихся мыслителей будет способствовать сохранению традиционных нравственных ценностей, укреплению культурных связей и станет прочным мостом дружбы, взаимопонимания и сотрудничества.

Стороны договорились объединить усилия и содействовать решению актуальных вопросов культурной повестки в целях дальнейшего укрепления отношений союзничества и стратегического партнерства между Кыргызской Республикой и Российской Федерацией.

Address

Большая Ордынка 64
Moscow
119017

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 10:00 - 17:00

Telephone

+74992374571

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги:

Shortcuts

Share