30/08/2026
Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Асамидинович Мариповдун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата кайрылуусу
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу достор!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул маанилүү мааракени өлкөбүздүн турмушунун бардык тармактарында масштабдуу өзгөрүүлөр жана оң динамика орун алып жаткан мезгилде белгилеп жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштап, экономикалык кубаттуулугун, эл аралык аброюн жана дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөдө.
Акыркы жылдар өлкөбүз үчүн олуттуу экономикалык өсүштүн мезгили болду. Акыркы үч жыл ичинде ички дүң өнүмдүн жылдык орточо өсүшү туруктуу түрдө 9 пайыздын тегерегинде болуп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч рекорддук 11,1 пайызга жетти. Мындай динамика экономиканы модернизациялоо, өнөр жайды, энергетиканы, курулушту жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ырааттуу жана системалуу жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасы болуп саналат.
Өлкөдө эл аралык мааниге ээ ири долбоорлор ишке ашырылууда. Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу улантылып, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар өнүктүрүлүүдө, жумушчу орундар түзүлүп, инвестицияларды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Мунун баары өлкөбүздүн экономикалык потенциалынын бекемделип жаткандыгынын далили болуп, анын мындан аркы өнүгүүсү үчүн жаңы перспективаларды ачууда.
Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюн бекемдөө да өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө тарыхый шайланышы өлкөбүздүн эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга кошкон салымын жогору баалоонун маанилүү көрүнүшү болду. Кыргыз Республикасынын талапкерлигин БУУга мүчө 142 мамлекет колдоду. Бул жетишкендик көз карандысыз өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп калды.
Бүгүнкү күндө кыргыз-сауд мамилелери да өз ара урматтоого, достукка жана кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкчылыкка негизделип, ырааттуу өнүгүп жатат. Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, маданий жана гуманитардык байланыштар бекемделүүдө.
Эки тараптуу мамилелерибизде ажылык жана умра багытындагы кызматташтык өзгөчө орунду ээлейт. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын миңдеген жарандары ажылык ибадатын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына келишет. Ушуга байланыштуу Элчилик мекендештерибиздин зыярат кылуучулары үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Падышалыктын компетенттүү органдары менен өз ара кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат.
Бул майрамдык күнү бүгүнкү күндө Сауд Араб Падышалыгында жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кымбаттуу мекендештерибизге өзгөчө кайрылгым келет.
Сиздер бирдиктүү кыргызстандык үй-бүлөнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналасыздар жана чет өлкөдө Ата Мекенибиздин татыктуу өкүлү болуп келесиздер. Сиздердин эмгегиңиздер, билимиңиздер, кесиптик жетишкендиктериңиздер жана Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар чоң мааниге ээ.
Ар бириңиздер кайсы жерде эмгектенип же билим алып жатканыңыздарга карабастан, ак ниет эмгегиңиздер, жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын жана каада-салттарын урматтооңуздар, ошондой эле эне тилибизди жана улуттук маданиятыбызды сактооңуздар менен Кыргыз Республикасынын жакшы аброюн бекемдөөгө өз салымыңызды кошуп жатасыздар.
Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Элчилиги мындан ары да жарандарыбыздын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мекендештерибизге зарыл жардам көрсөтүү жана эки дос мамлекеттин ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык зарыл аракеттерди көрө берет.
Кадырлуу мекендештер!
Жетишкен ийгиликтерибизге, элибиздин биримдигине жана жаратман эмгегине таянуу менен, сүйүктүү Ата Мекенибиз — Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, экономикалык кубаттуулугун жана эл аралык аброюн мындан ары да бекемдей берерибизге ишенем.
Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун, Кыргызстаныбыз тынч, күчтүү, өнүккөн жана бакубат мамлекет болсун!
Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардыгыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, тынчтык, бакубатчылык, үй-бүлөлүк бакыт, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен!