Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği

  • Home
  • Turkey
  • Ankara
  • Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği КР Туркиядагы Элчилиги
Посольство Кыргызской Республ?

Консулдук бөлүмгө алдын ала жазылуу үчүн баракчабыз: ankarakonsulduk.com
Randevu almak için sitemiz: ankarakonsulduk.com

KG2026-жылдын 19-августунда Анкара шаарындагы Иведик уюшкан өнөр жай зонасында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиг...
20/08/2026

KG
2026-жылдын 19-августунда Анкара шаарындагы Иведик уюшкан өнөр жай зонасында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин катышуусунда «Өз ара аракеттенүү жана инвестициялар» аттуу бизнес-форум өттү. Иш-чарага ар түрдүү өнөр жай жана бизнес тармактарын өкүлчүлүк кылган 60ка жакын ишкер катышты.
Элчи Р. Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп экономикалык реформалар, инвесторлор үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берип, өндүрүштү Кыргызстанда локалдаштырууга чакырды. Түрк компаниялары инвестиция, бизнес жүргүзүү, рынокторго чыгуу жана өндүрүштүк кооперация маселелерин талкуулап, Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга кызыгуусун билдиришти.
Ошондой эле Элчи Р. Казакбаев бир катар ири түрк компанияларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

TR
19 Ağustos 2026 tarihinde Ankara İvedik Organize Sanayi Bölgesi’nde, Kırgızistan’ın Türkiye Büyükelçiliğinin katılımıyla “İş ve Yatırımlar” konulu iş forumu düzenlendi. Foruma çeşitli sektörlerden yaklaşık 60 iş insanı katıldı.
Büyükelçi R. Kazakbaev, Kırgızistan’daki ekonomik reformlar, yatırım fırsatları ve devlet destekleri hakkında bilgi vererek Türk şirketlerini üretimlerini Kırgızistan’da yerelleştirmeye davet etti. Türk şirketleri yatırım ve üretim iş birliğine ilgilerini ifade etti.
Büyükelçi ayrıca bir dizi büyük Türk şirketini ziyaret ederek iş birliğinin geliştirilmesine yönelik görüşmeler gerçekleştirdi.

EN
On 19 August 2026, the “Cooperation and Investment” business forum was held at the İvedik Organized Industrial Zone in Ankara, with the participation of the Embassy of the Kyrgyz Republic in Türkiye. Around 60 Turkish business representatives from various sectors attended.
Ambassador R. Kazakbaev presented Kyrgyzstan’s economic reforms, investment opportunities and government support, encouraging Turkish companies to localize production in Kyrgyzstan. Turkish businesses expressed interest in investment and industrial cooperation.
The Ambassador also visited several major Turkish companies to discuss cooperation opportunities.

2026-жылдын 18-августунда Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев менен...
19/08/2026

2026-жылдын 18-августунда Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев менен «Baykar Technology» компаниясынын башкы директору Халук Байрактардын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку технологиялар жана инновациялар жаатындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

***

18 Ağustos 2026 tarihinde İstanbul’da, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev ile «Baykar Technology» şirketinin Genel Müdürü Haluk Bayraktar arasında bir görüşme gerçekleştirildi.

Görüşmede taraflar, yüksek teknoloji ve inovasyon alanlarında Kırgız-Türk iş birliğinin geliştirilmesine ilişkin perspektifleri ele aldılar.

2026-жылдын 18-августунда Дүйнөлүк этноспорт биримдигинин Катчылыгында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Э...
19/08/2026

2026-жылдын 18-августунда Дүйнөлүк этноспорт биримдигинин Катчылыгында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев менен Дүйнөлүк этноспорт биримдигинин Президентинин орун басары Хакан Казанжинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк этноспорт биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, ошондой эле салттуу спорт түрлөрүн, улуттук оюндарды жана маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ушул алкакта тараптар алдыда өтө турган масштабдуу мелдештерге түрк спортчуларынын жигердүү жана кеңири катышуусун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

***

18 Ağustos 2026 tarihinde, Dünya Etnospor Birliği Sekretaryasında, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev ile Dünya Etnospor Birliği Başkan Vekili Hakan Kazancı arasında bir görüşme gerçekleştirildi.

Görüşmede taraflar, Kırgız Cumhuriyeti ile Dünya Etnospor Birliği arasındaki iş birliğinin daha da geliştirilmesi ve güçlendirilmesine ilişkin konuların yanı sıra geleneksel sporların, milli oyunların ve kültürel mirasın korunması ve tanıtılması alanlarındaki iş birliği imkânlarını ele aldılar.

Görüşmede, 31 Ağustos–6 Eylül 2026 tarihleri arasında Kırgız Cumhuriyeti’nde düzenlenecek VI. Dünya Göçebe Oyunlarının hazırlıkları ve gerçekleştirilmesine ilişkin konulara özel önem verildi. Bu bağlamda taraflar, Türk sporcuların yaklaşmakta olan bu büyük ölçekli müsabakalara aktif ve geniş katılımının sağlanması konularını müzakere etmişlerdir.

2026-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Анкарага болгон жумушчу сапарынын...
14/08/2026

2026-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Анкарага болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев катышты.

***

13 августа 2026 г. Министр внутренних дел Кыргызской Республики Уланбек Ниязбеков в рамках рабочего визита в Анкару провел встречу с Министром внутренних дел Турецкой Республики Мустафой Чифтчи. Во встрече также принял участие Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Турецкой Республике Руслан Казакбаев.

***

13 Ağustos 2026 tarihinde Kırgız Cumhuriyeti İçişleri Bakanı Ulanbek Niyazbekov, Ankara’ya gerçekleştirdiği çalışma ziyareti kapsamında Türkiye Cumhuriyeti İçişleri Bakanı Mustafa Çiftçi ile bir görüşme gerçekleştirdi. Görüşmeye ayrıca Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev katıldı.

***

13 August 2026 during his working visit to Ankara, Minister of Internal Affairs of the Kyrgyz Republic Ulanbek Niyazbekov held a meeting with Minister of Interior of the Republic of Türkiye Mustafa Çiftçi. The meeting was also attended by Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Kyrgyz Republic to the Republic of Türkiye Ruslan Kazakbaev.

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай облусуна болгон ...
11/08/2026

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Хатай соода-өнөр жай палатасынын Кеңешинин төрагасы Селахаттин Эскиоджак жана Палатанын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

***

10 Ağustos 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev, Hatay iline gerçekleştirdiği çalışma ziyareti kapsamında Hatay Ticaret ve Sanayi Odası Meclis Başkanı Selahattin Eskiocak ve Oda üyeleriyle bir araya geldi.

Görüşmede taraflar, Kırgızistan-Türkiye ticari-ekonomik ve yatırım iş birliğinin geliştirilmesine ilişkin güncel konuları ele aldı.

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай облусуна болгон ...
11/08/2026

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мустафа Кемал Хатай университетинин ректору, проф. д-р Вейсел Эрен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен Мустафа Кемал Хатай университетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

***

10 Ağustos 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev, Hatay iline gerçekleştirdiği çalışma ziyareti kapsamında Mustafa Kemal Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Veysel Eren ile bir araya geldi.

Görüşmede taraflar, yükseköğretim alanındaki güncel konuların yanı sıra Kırgız Cumhuriyeti’ndeki yükseköğretim kurumları ile Mustafa Kemal Üniversitesi arasındaki iş birliğinin daha da geliştirilmesine yönelik perspektifleri ele aldı.

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай провинциясына бо...
11/08/2026

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай провинциясына болгон иш сапарынын алкагында Хатай шаарынын мэри Мехмет Онтурк менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалдык деңгээлдеги кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун келечегин, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү жана кеңейтүү, муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Хатай шаары менен Кыргыз Республикасынын шаарларынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

***

10 Ağustos 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev, Hatay iline gerçekleştirdiği çalışma ziyareti kapsamında Hatay Büyükşehir Belediye Başkanı Mehmet Öntürk ile bir araya geldi.

Görüşmede taraflar, belediyeler düzeyinde Kırgızistan-Türkiye iş birliğinin geliştirilmesi ve güçlendirilmesine ilişkin perspektifleri ele aldı. Bu kapsamda, yerel yönetimler arasında doğrudan ilişkilerin kurulması ve mevcut ilişkilerin genişletilmesi, belediye yönetimi alanında tecrübe paylaşımı, ortak projelerin hayata geçirilmesi ile Hatay ve Kırgızistan şehirleri arasındaki ticari-ekonomik, yatırım, kültürel-insani ve turizm alanlarındaki ilişkilerin geliştirilmesi konuları değerlendirildi.

2026-жылдын 10-августунда Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай провинциясына болгон иш сапарынын алкаг...
11/08/2026

2026-жылдын 10-августунда Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Хатай провинциясына болгон иш сапарынын алкагында губернатор Махмут Масатлы жана Миграция кызматынын жетекчиси Серкан Бойраз менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле аталган провинцияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелердин кеңири талкуулашты.

***

10 Ağustos 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev, Hatay iline gerçekleştirdiği çalışma ziyareti kapsamında Hatay Valisi Mahmut Masatlı ve İl Göç İdaresi Müdürü Serkan Boyraz ile bir araya geldi.

Görüşmede taraflar, Kırgızistan ile Türkiye arasındaki bölgelerarası iş birliğinin geliştirilmesi, ticari-ekonomik ve kültürel-insani ilişkilerin genişletilmesi, ortak projelerin hayata geçirilmesi ile söz konusu ilde ikamet eden Kırgızistan vatandaşlarının hak ve menfaatlerinin korunmasına ilişkin geniş kapsamlı konuları ele aldı.

2026-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казак...
11/08/2026

2026-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын мурдагы Премьер-министри, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымдын чакыруусу менен Түркиянын түштүк-чыгышындагы Хатай провинциясына иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында Элчи Р. Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун алдындагы Түрк дүйнөсүнүн жаштар фонду тарабынан уюштурулган Яйладагы районунда өткөн «Аба күрөш» боюнча эл аралык салттуу күрөш турнирине катышты.

Түрк мамлекеттеринин башка өлкөлөрүнүн спортчулары менен катар турнирге Кыргыз Республикасынын 8 спортчудан турган курама командасы машыктыруучу Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында катышты.
Мелдештин жыйынтыгында Казыбек Чыныбеков 70 кг чейинки салмак категориясында 1-орунду, ал эми Аскат Акматов 65 кг чейинки салмак категориясында 3-орунду ээледи.

***

9 Ağustos 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev, Türk Devletleri Teşkilatı Aksakallar Konseyi Başkanı ve Türkiye Cumhuriyeti eski Başbakanı Binali Yıldırım’ın daveti üzerine Türkiye’nin güneydoğusunda yer alan Hatay iline çalışma ziyareti gerçekleştirdi.

Ziyaret kapsamında Büyükelçi R. Kazakbaev, Türk Devletleri Teşkilatı bünyesindeki Türk Dünyası Gençlik Vakfı tarafından Yayladağı ilçesinde düzenlenen geleneksel «Aba Güreşi» uluslararası turnuvasına da katıldı.

Turnuvada diğer Türk devletlerinden gelen sporcuların yanı sıra, antrenör Nurbek Kocobekov başkanlığındaki 8 sporcudan oluşan Kırgızistan Cumhuriyeti millî takımı da mücadele etti.

Müsabakaların sonuçlarına göre, Kazıbek Çınıbekov 70 kg altı sıklet kategorisinde birinci, Askat Akmatov ise 65 kg altı sıklet kategorisinde üçüncü oldu.

2026-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казак...
06/08/2026

2026-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаевдин “Aselsannet” компаниясынын башкы директору Режеп Али Эрдоган менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Aselsannet” компаниясы менен электроника тармагында, жарандык уюмдарды электрондук жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу, жеке жана мамлекеттик секторлордо процесстерди автоматташтыруу жана башкаруу үчүн адистештирилген программалык чечимдерди иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик имараттарды куруу жааттарында кызматташуу келечегин талкуулашты.

Address

Turan Güneş Bulvarı, Galip Erdem Caddesi, No: 25, Oran
Ankara
06450

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share