06/08/2026
🔹Чынгыз Токтобеков TİKAнын Бишкектеги жаңы координатору Эрсин Чопур менен жолугушту
Бүгүн, 6-августта Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобековдун Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкек программаларды координациалоо кеңсесине жаңы дайындалган координатору Эрсин Чопур мырза менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин билдирип, туруктуу жумушчу жана жеке байланыштарды сактоого, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.
**********
🔹Çıngız Toktobekov, TİKA’nın Bişkek’teki yeni Koordinatörü Ersin Çopur ile görüştü.
Bugün, 6 Ağustos’ta, Kırgız Cumhuriyeti İstanbul Başkonsolosu Çıngız Toktobekov, Türk İşbirliği ve Koordinasyon Ajansı (TİKA) Bişkek Program Koordinasyon Ofisi’ne yeni atanan Koordinatör Sayın Ersin Çopur ile bir araya geldi.
Görüşmede taraflar, Kırgızistan ile Türkiye arasındaki ticari ve ekonomik, kültürel, insani ve eğitim alanlarındaki iş birliğinin mevcut durumunu ve daha da geliştirilmesine yönelik perspektifleri ele almış, ayrıca ortak projelerin hayata geçirilmesine ilişkin konularda görüş alışverişinde bulunmuşlardır.
Görüşmenin sonunda taraflar, ikili iş birliğinin daha da güçlendirilmesine yönelik karşılıklı kararlılıklarını teyit etmiş; düzenli resmî ve kişisel temasların sürdürülmesi ile ortak girişimlerin hayata geçirilmesine yönelik iş birliğinin devam ettirilmesi konusunda mutabakata varmışlardır.